Министр А.Абытов в гостях у газеты "Де-факто"
22.11.2011 18:03:17
Түз байланышАлмаз Абытов, КРнын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министри:
204 миң жумушсуз, тоотпогон казактар же мигранттардын дээрлик көбү түштүк аймактан...
Алмамбет Алымбеков, Сокулук районунун тургуну:
--Алмаз мырза, ачыгын айтканда миграция министрлиги миграция процесстерин башкара албаган, таасир көрсөтө албаган статистикалык гана органдын ролун аткарып калды. Тилекке каршы, так статистикалык да маалымат жок. Баары болжолдуу цифралар. Качан реалдуу министрликке айланасыздар?
--Бизди сындап жатасыз. Аны туура кабыл алам. Ушул кезге чейин биздин министрликте канча адам сыртка чыгып, канча адам келгендигинин эсеп чотун алган маалымат базасы жок. Биздин жарандардын эч кимге айтпай, дебей сыртка чыгып кеткенге конституциялык укугу бар. Мурда Россияга баргандан кийин 4-күнү миграциялык карточка алыш керек болсо, биз аны 7 күнгө жылдырууга жетиштик. Бул аз да болсо мигранттарга реалдуу жардам. Мигранттардын абалын жеңилдетүү максатында ошол жактын миграция министрлиги менен 7-8 жолу жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. 2012-жылга Россия бизге 5,5 млн. доллар көлөмүндө жардам бергени жатат. Муну бюджетке да киргиздик. Бул акча кесиптик орто окуу жайларына жаштарды окутууга жумшалат. Учурда каттоого турууну жеңилдетүү боюнча да иштер жүрүп атат.
--Бүгүнкү күндө сыртта канча мигрант жүргөндүгү боюнча так маалымат барбы?
--1992-жылдан ушул кезге чейинкилер боюнча айтканда бүгүн 450 миң кыргызстандык Россия жарандыгын алды. Ушул жылдын 8 айына карата 26 миң мекендешибиз Россия жараны болду. 2010-жылы Россиядагы 120 миң мигрант жумушка уруксат алган. 9 айга карата сыртка 36 миң мигрант катары чыгып кеткен. Бирок, бул маалыматка министр катары мен да ишенбейм. Кеткендер мындан көп болушу толук мүмкүн.
Турусбек Алтымышев, Жалал-Абад шаарынын тургуну:
--Сиздердин министрлик аркылуу ушул жылдын башынан бери канча адам жумушка сыртка жөнөтүлдү?
--Азыр атайын сүйлөшүүнүн негизинде эксперименттик долбоор баштаганбыз. Бирок, бул долбоордун негизинде канча адам Россияга кеткенин эл аралык келишимге кол коюлгандан кийин гана так маалыматты айта алам. Түштүк Кореяга келсек, биз аркылуу ал жакка 1200 адам жөнөтүлүп, азыр ал жакта иштеп жүрүшөт. Бул эки өлкөнүн ортосунда атайын кол коюлган келишимдин негизинде болууда.
Айсалкын Өмүралиева, Таш-Көмүр шаарынын тургуну:
--Көбүнчө Кыргызстандын кайсыл аймагынан сыртка көп кетишет?
--Ушуга так жооп табуу максатында мигранттар жөнөткөн акчаларды изилдеп көрдүк. Кайсыл аймакка акча көп түшкөн? Пайыздык катыш менен алганда түштүк областтарынын көрсөткүчтөрү аябай жогору болуп чыкты. Жалпы мигранттардын 90 %ы түштүк аймагына туура келсе, калган 10 %ы Чүй, Нарын, Талас, Ысык-Көл областтарына туура келет экен.
Самат Осмонбеков, Токмоктун жашоочусу:
--Алмаз мырза, бүгүнкү күндө Кыргызстанда жумушсуздардын саны канча?
--Расмий эсеп менен 204 миң адам жумушсуз деп табылган. Каттоодон өткөндөрү 64 миң жаран. 2 миңге жакын адам жөлөк пул алышат.
--Аймактар боюнча алганда жумушсуздардын көрсөткүчү кандай?
--Бул боюнча так маалымат жок. Башкача өңүттөн жооп берейин. Бир кездери Нарында 1 жумушчу орунга 1500 адам талапкер болгон. Азыр өлкө боюнча 1 орунга 5-6 адам талапкер болот.
Жибек Дооронбекова, Бишкектин жашоочусу:
--Миграция министрлигине бюджеттен жылына канча акча бөлүнөт?
--Биздин министрликтин борбордук аппаратында 80ге жакын адам иштейт. Ал эми бюджеттен жылына 1,5 млрд сом бөлүнөт. Акчанын мындай көп бөлүнгөндүгүнүн себеби, кесиптик окуу жайлардын 110у бизге карайт. Ошол окуу жайларды керектүү нерселер менен камсыз кылганга 600 млн. сомду жумшайбыз. Негизинен дотацияда турабыз. Бюджетке жылына 70 млн. сомдун тегерегинде акча түшүрөбүз. Бул сырттан келген жарандардын уруксат алганда тиешелүү пошлиналарды төлөөлөрүнүн эсебинен болот.
Кийинки жылдын бюджети 20 %га кыскартылганы турат. Бул акыркы кыскартуу болуш керек. Мындан ары кыскартканга болбойт.
--Кызматтык автоунааңыз кандай?
--Министр болуп келгени, эч кандай машине сатып алган жокмун. Мурдагы министрден калган Мерседес- 430 үлгүсүндөгү автоунааны пайдаланып жүрөм. Бирок, министрликке 6 машине сатып алдык. Бюджеттин акчасына эмес. Чет өлкөлүк донорлордун эсебинен сатылып алынды. Алардын бешөөсүн түштүктөгү биздин бөлүмдөргө пайдаланууга бердик.
Аскарбек Алимбеков, Ысык-Көлдүн тургуну:
--Сизди буга чейин билбечү элек. Кайсыл жерлерде иштегенсиз? Коалициядагы кайсыл фракциянын өкүлүсүз?
--Мен Ата-Журт фракциянын өкүлүмүн. Өзүм техника илимдеринин кандидатымын. Эки жогорку билимим болсо, бирөөсү боюнча финансы адисимин. Өндүрүштө, экономикалык тескөө министрлигинде иштедим. Акыркы 15 жылда Жогорку Кеңеште иштедим. Бул аралыкта көп депутаттар менен иштешип, экономикалык, финансылык мыйзамдарды иштеп чыгууга жакындан катыштым. Анын ичинде Алмаз Атамбаев менен да иштешкендиктен, Ата-Журт фракциясы талапкерлигимди көрсөткөндө дароо эле макулдугун берип, ишиме ийгилик каалаган.
Мамытбек Карбозов, Ысык-Көл районунун жашоочусу:
--Жумушсуздуктун санын кыскартып, азайтуу үчүн эсептөөлөргө ылайык, бизде жыл сайын 120 миң жумушчу орундары түзүлүшү керек экен. Ушунча жумушчу орундарын түзүп жатасыздарбы?
--Кана эми сиз айткандай жумушчу орундарын түзсөк. Бул жерде маселе менде эмес да. Маселе, жумуш орундарын түзгөн жумуш берүүчүлөрдө. Биз мамлекеттик бюджеттен акчаны алып, аларга жумушчу орундарын түзүп койсок, анда биз өзүбүздү алдаган болобуз. Жумуш берүүчүлөрдүн иштери жүрүшүп, алар көп жумушчу орундарын түзгөнгө мамлекет шарт түзсө, ошондо жумушчулардын саны азаймак.
Мирлан Айдосов, Бишкектин жашоочусу:
--Ушул жылдын 9 айына карата сыртта иштеп жүрүшкөн мигранттар канча акча жөнөтүштү? Так маалымат барбы?
--700 млн. доллардай которушту. 2006-жылдан 2011-жылга чейин эсептесек, Россиядагы мигранттардан 4,8 млрд. доллар келиптир. Бул математикалык эсеп менен алганда эки жолу сырткы карызды төлөгөнгө жете турган каражат. Эмгек мигранттарына рахмат айтышыбыз керек. Ушул келип аткан акчалардын 20-30 %ын өлкөнүн экономикасына жумшап, туура иштетишибиз керек. Азыр ушунун үстүндө иштеп атабыз. Бутуна туруп, акча таап келген мигранттар мекенине келгенде акчаларын чакан ишкерликке жумшап, ошо менен жумуш ордун түзүп. Россиядан таап келген акчасын жүгүртүп көбөйтүүгө өтүшсө эң туура болмок. Ошондо өлкөнүн экономикасына реалдуу пайдасы тиер эле.
Канатбек Айбашев, Ысык-Ата районунун тургуну:
--Президент шайланды. Башмыйзам боюнча өкмөт жаңыланат. Сиз өзүңүзду кийинки жаңы өкмөттүн курамынан көрөсүзбү?
--Аны депутаттар чечет. Так, кесе жооп бере албайм. Министрликтин башына келгени, бир топ иштерди, долбоорлорду баштадым. Ошолорду аягына чыгарсам дейм. Мен ойлойм, депутаттар мага андай мүмкүнчүлүктү беришет го деп.
--Бир катар министрликтер кыскартылганы жатат. Бул туурасында Алмаз Атамбаев да айтты. Миграция министрлиги кыскартылып кетиши мүмкүн эмеспи?
--Миграция министрлиги кечээ эле түзүлө калган жок. Азыр канча деген мигранттарыбыз сыртта жүрүшөт. Миңдеген жарандарыбыз жумушсуз. Алардын таламын талашып, кызыкчылыктары үчүн иш алып баруучу структура сөзсүз болушу керек. Депутаттар муну түшүнүп, миграция министрлигин калтырат деп ишенем. Бул министрликти жоюп, же кыскартуу менен мигранттардын тагдырына кайдыгерлик кылабыз. Министр катары министрликтин Кыргызстандын экономикалык-социалдык турмушундагы ордун, кылган, кылып жаткан иштерин депутаттарга милдетим деп эсептейм.
Турат, Ат-Башы районунун тургуну:
--Биздин туугандан көп жылдардан бери Алматыга барып, иштеп келип атышат. Ал жакта бир көйгөй бар. Көзү өтүп кеткен адамды мекенине алып келүү өтө кыйынга турат. Маркумдун сөөгүн бергенге казактар акча сураганга чейин барышат. Ушул жагынан министрлик кандайдыр бир иштерди аткарып атабы?
--Казакстан боюнча айтсам, эки өлкөнүн ортосунда кичине чек ара жаатында чечилбеген маселелер бар. Былтыркы окуялардан кийин чек ара постторун күчтөнтүп койду. Алардын премьери Карим Масимов Бишкекке келгенде ушул маселелер сүйлөшүлүп, оң жагына чечиле турган болгон. Сөөктү алып келүү боюнча сиз бизге кайрылсаңыз болмок. Биздин жарандар каза болгондо бизге кайрылышса, маркумдун сөөгүн алып келгенге жакындан жардам берип, жол киресине чейин төлөп беребиз. Бул жаман нерсе болгон үчүн бул боюнча ачык айтып, рекламалабайм. Чет жерде жүрүп, оо дүйнөгө кеткендин бетин ары кылсын. Жакында эле Кореядан бир кыргыз бала каза болуп, аны алып келгенге жол киресин төлөп бердик.
--Казактар сөөктү бербей кыйнаганда мыйзамдык жагынан жардам берип, тез арада жардам бере аласыздарбы? Документалдык жагын бүткөргүчө сөөк сасып кетиши мүмкүн.
--Мен телефон аркылуу байланышып, сөөктү алардан алууга колкабыш кылам. Бирок, эки өлкөнүн ортосунда келишим жок болгондуктан алар бизди оңойлук менен укпайт.
Айнур Жакшыбаева, Таластын тургуну:
--Бажы биримдигине кирсек, жүздөгөн жарандар жумушсуз калат экен. Бул боюнча эмне айта аласыз?
--Бул биримдикке кирүү боюнча саясий чечим кабыл алынган. Болгону убактысы азырынча белгисиз. Бажы биримдиги эмгек мигранттары үчүн аябай жакшы болот. Көптөгөн документалдык кыйынчылыктар, тоскоолдуктардын баары жоюлат. Сыртта жүргөн мекендештерибиздин абалы кескин жеңилдейт. Мында өлкө ичинде жумушсуздардын санынын көбөйүүсү күтүлөт. Ошондуктан биз азыр атайын программа кабыл алганбыз. Жеке пикиримди айтсам, биздин тирилик жалаң эле алып сатууга байланбаган да. Алып сатарлыктан гана байыбайбыз. Чоң өндүрүш ишканаларын ишке киргизип, чакан, орто бизнести өнүктүрүп, жумуш орундарын көбөйтүү менен бажы биримдигинин терс жактарын жеңсек болот.
Мирлан Дүйшөнбаев

Работоискателям
Работодателям
Профориентация
Обучение
Телефон доверия
Горячая линия: 189