Интервью Т.Табылдиева журналу "Замандаш"
08.12.2011 11:11:02
Акчасына кубанып, азабын түшүнбөй жатабыз
КРнын Эмгек, жумуштуулук жана миграция боюнча министрлигинин үч өлкөдө: Россия Федерациясында жети, Казакстан менен Түштүк Кореяда бирден кызматкери иштейт. Алардын эмгек акы, квартира, транспорту жана башка чыгымдарына бюджеттен 22 миллион сом каралат. Бирок, ошого карабай эмгек мигранттарынын чет өлкөдөгү абалы оңолуп кеткен жок.
Кыргызстандагы эмгек миграциясы жана жумуш берүүчү менен жумушчунун мамилеси жөнүндө аталган министрликтин статс-катчысы Тынычбек Табылдыевди кепке тарттык.
- Тынычбек Табылдыевич, чет өлкөлөрдөгү өкүлдөрүңүздүн ишин өзүңүздөр кандай баалайсыздар?
- Бул багытта мен ишибиз жетишсиз деп ойлойм. Мисалы, эң көп биздин мигранттар жүргөн Москвада беш кызматкерибиз иштеп, ошол бешөөсү да жетише албайт экен. Анын эң негизги себеби, эки өлкөнүн ортосунда уюштурулган жумушка орноштуруу келишими жок. Баштай турган точкабыз да белгисиз. Анткени, биздин жарандарыбыз эч камданбай туруп , эч кимге айтпастан чыгып кетип жатышат. Ал жөнүндө айыл өкмөтү да билбейт, же райондогу биздин тиешелүү кызматка да айтышпайт. Натыйжада бул маселеге түздөн-түз тиешеси бар Эмгек, жумуштуулук жана миграция министрлиги, КРнын чек ара кызматы жана Ички иштер министрлигинде да эч кандай так маалымат жок. Россиянын миграциялык кызматы аркылуу гана билип жатабыз. Анткени, алардын тартиби боюнча мурда үч күндө, азыр жети күндүн аралыгында миграциялык каттоого турушу шарт. Ал эми биздин өкүлчүлүктөргө жумушсуз калганда же эмгек акысын төлөбөй койгондо гана келишет. Ошондуктан алар көбүнчө сүрүштүрүү иштери менен гана алек болушууда. Москвадагы беш кишинин эффективдүү иштей албаганынын себеби ушунда.
Ким, кандай даярдык жана кандай шарттагы келишим менен жумушка келгендигин билбегендик көп кыйынчылыкты туудуруп жатат. Эгер келишим болгондо, анда биздин кызматкерлер ошол келишим боюнча териштирип, тактап, жардам бергенге жеңил болмок. Экинчиден, Россия Федерациясынын өзүндө эмгек рыногу жолго коюла элек. Мисалы, Москвага барганда региондор боюнча кайсы жерге, кандай шартта жумушчу керек деген так маалыматты эч жерден ала албайсың. Көмүскө экономика ал жакта дагы өтө чоң.
-Көп шаарларда КР Эмгек, жумуштуулук жана миграция министрлигинин коомдук өкүлдөрү бар го. Алардын жардамы тийбейби?
- Бул эми арга кеткендеги иш да. Анткени, алар ошол жерде мекендештерибизге жардам беришет экен. Биз аларга коомдук башталыштагы өкүл деген күбөлүк беребиз, ошонун негизинде жергиликтүү малекеттик органдарга кирип, жарандарыбыздын таламын талашып, сүрүштүргөнгө кошумча мүмкүнчүлүк берет. Бирок алар биздин алдыбызда отчёт беришпейт жана биз аларды милдеттендире да албайбыз. Биз аларга рахматтан башка эч нерсе дей албайбыз. Эгер жарандарыбызга жардам бербей койсо, айыпка да тарта албайбыз. Ошон үчүн коомдук өкүлдөрдү мен абалдан чыгуунун жолу эмес деп эсептейм. Кыргызстандыктар көп болгон шаарларда атайын өкүлчүлүк ачуудан башка жол жок.
- Атайын өкүлчүлүктөрдү ачууга бюджеттеги тартыштык жол бербейт да?..
- Биздин эмгек мигранттарыбыз 1млрд. 300 миң АКШ долларын которуп жатышат деп өкмөттөн баштап карапайым адамдарыбызга чейин сүйүнүп жатабыз. Чындыгында эле мындай түз инвестиция Кыргызстандын тарыхында жок, болгон эмес дагы. Мурдагы президенттерибиз 10-15 жылда 1,5 миллиард карыз алган болсо, жыл сайын банк аркылуу эмгек мигранттары үй-бүлөсү, ата-эне, жакындарына акча которуп, Кыргызстанга жардам берип жатат да. Ал эми, банктан башка жолдору менен келгенин кошсок, мындан да көп. Анан Кыргызстанга ушундай чоң салым кошкон жарандарыбызга биздин мамлекет кандай жооп кылып, көмөк көрсөтүп жатат? Маселен, Южно-Сахалинск шаарында эмгек мигранттарыбызда маселе жаралса, биз Москвага чыгабыз. Ал жактан Владивосток же Южно-Сахалинск шаарына учуп баргыча, конфликт күчөп кетип жатат. Москвадан учуп баргыча, Бишкектен деле ошол эле убакытта жетип барса болот. Бирок, жол чыгымы, командировкага кеткен каражат бир топ суммага айланат. Ошондуктан, кыргызстандыктар көбүрөөк болгон жерлерде өкүлчүлүк ачылса жакшы болмок. Ушул боюнча Кыргыз өкмөтүнө 2012-жылдын бюджетин берген кезде сунуш берсек, ал колдоого алынбай калды. Менимче, бюджетти карагандар маселенин маңызын түшүнүшкөн да жок. Болбосо, биздин жарандардын көбү Россияда болгондуктан, жети федеративдик округуна өкүлчүлүккө офис ачып койсок жарашмак. Ансыз да биз орусиядагы мекендештерибиз менен жолукканыбызда, өкүлчүлүктү кеңейтип, ал жерде юридикалык кеңеш да берсе деген талаптарды айтышууда. Убактылуу жайгаша турган жерди көргөзүп, жумуш табылгычакты жашоо шартын түзгөнгө жардам кылса, өзүнчө эле адаптация болуучу борборго айланып калмак. Ушундан улам бүгүнкү күндө жалаң эле бюджетти карап олтура бербей, миграциялык фонд түзүү маселеси актуалдуу болуп турат.
- Акыркы учурда Эмгек, жумуштуулук жана миграция боюнча министрликтин, анын сырттагы өкүлчүлүгүнүн кереги барбы деген суроо жаралып, муну тышкы иштер министрлигине берип койсо деле болот деген кеп айтылууда?..
- Бирок, СНГ боюнча, башка мамлекеттердин баарында миграция боюнча мамлекеттик органдары бар жана алар биргелешкен жыйындарда дү йнө боюнча миграциялык агымга канткенде бирдей талаптарды кылабыз, канткенде миграциялык процесстердин алдын алабыз, канткенде жумушчуларды уюшкандык менен ишке тартабыз деген суроолорду талкуулашат. Мисалы, жумушка кабыл алган өлкөлөр башында депортация кылып жиберем деп, көбүрөөк коркутчу. Эми алар дүйнө жүзүндөгү акыбалды көрүшүп, түшүнүп калышты. Анткени эмгек мигранты болуп даярдалган адам келсе, ошол өлкөнүн өзүнө жакшы болорун билип, Россия бизге өзү жарандарыңарды кесипке даярдап берели деген демилге көтөрүп жатат. Менимче, бул маселелерге Тышкы иштер министрлиги аралашып жүргөнү туура эмес. Анткени ал аясый чечимдерге катышакан мамлекеттик уюм.
-Бажы союзуна кирсек, жанагы сиз айтып өткөн өкүлчүлүк менен юридикалык кызмат көрсөтүүнүн зарылдыгы жок болуп калбайбы? Анткени Кыргыз өкмөтүнүн жетекчилери бажы союзуна кирерибиз менен эмгек мигранттарынын маселеси өзүнөн-өзү чечилет, каалаган жерине барып иштей берет дешүүдө.
- Бажы биримдигине кирсек эле бардык маселе чечилип калбайт. Маселен, ошол Россиянын өзүндө деле жумуш берүүчү менен жумушчулардын ортосунда көп маселе бар. Жакын арада бажы биримдигине киребизби, жокпу, айтор, анын бардык жагы таразалангыча дагы көп бар. Ал эми жумуш берүүчүгө бажы биримдигине кирген өлкөнүн жараны же башка экенине карабайт. Ага өз ишин мыкты билген адис болсо жетиштүү, Азербайжан же Тажикстандын жарандарын деле иштете берет.Ал эле эмес, биздин ички эмгек рыногубузга да ошондой даярдыктагы жумушчулар керек. Аларды өзүбүз даярдап, бул чоң саясат болушу керек. Маселен, биз азыр Түштүк Корея менен меморандумдун негизинде иштеп атабыз. Кореядагы эмгек министрлигинин өкүлү Бишкек шаарындагы мекемебизде олтуруп, биздин жарандарды корей тилине үйрөтүп, экзамен алып, тигил жактагы жумуш берүүчүлөргө документин даярдайт. Бул деген, Түштүк Корея өзүнүн эмгек рыногуна кам көрүп жаткандыгын билдирет. Мындай иш чарага канча каражат кетсе да өзүн актайт. Биз ушунун аягына чыга албай жатабыз. Кыргыз өкмөтүнүн атынан ушуга байланыштуу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке киргизсек, ал төрт жылдан бери каралбай жатат. Ал эми бажы биримдигине киргенде биздикилер ал өкөлөргө ээн эркин кирип-чыгып жүрө берет дешет. Эгер Россиянын эмгек рыногун чоң океан деп элестетсек, ага биз эмгек мигранттарыбызды кайра эле калагы жок кайык менен коё берип жатпайбызбы.
- Мыйзамдолбооружөнүндөтактапайтсаңыз, алкабылалынсаэмнеөзгөрмөк?
- Эмгек рыногунда жумуш берүүчүлөр берген маалымат абдан маанилүү. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда болгон жумуш берүүчүлөрдүн баарын кошуп эсептегенде 10 пайызы гана биз менен кызматашат. Анын да көпчүлүгү бюджеттик мекеме-уюмдар. Калганы эч бир маалымат бербейт жана ошого көнүп алышты. Биздин укугубуз болбогондуктан аларды текшере албайбыз. Мыйзамда «ваканттык орун жөнүндөгү маалыматты жумуштуулук боюнча мамлекеттик кызматка берет» деп милдеттендирилиш керек. Ушуну депутат-бизнесмендер өздөрүнүн жеке кызыкчылыгын көздөп, алдырып коюшту. Анын ордуна массалык жумуштан бошотуу болсо гана айтат деп киргизишти. Анчалык көп киши иштеген завод-фабрикалар Кыргызстанда эбак калбай калган. Мыйзам менен милдеттендирсек, биз анда ишкерлердин укугун бузган болобуз деп көп айтышат. Анда жумушчулардын укугун ким коргойт?! Жөнөкөй бир мисал, эгер бир кафенин кожоюну официант же идиш жуугуч керек деп ваканцияны бизге берсе, анда ал сөзсүз түрдө эмгек акысын да көрсөтүшү керек. Биз ушунун негизинде жумушчунун укугун коргоп, «сен мынча деген сумманы көрсөткөнсүң, ошону төлө» деп ишкерге айтмакпыз. А иш жүзүндө ишкер жаш кыздарды ай сайын алмаштырып, айлыгын каалагандай азайтып койсо да эч ким эч нерсе дей албайт. Анан биз кантип анын укугун коргойбуз?! Жанагы айткан 10 пайыз ваканттык орунду бергенде да адамды шылдыңдагансып 1,5-2 миң деп айлыктарын көрсөтүшөт. Анан жумушсуз көп, а бирок, ваканттык орундун 25 пайызы пайдаланылбайт деп таң калышат.
-Бул жерде мамлекет тарабынан кандай рычаг болушу керек?
-Маркстын кошумча нарк жөнүндөгү айтканы 150 жылдан кийин да актуалдуу болуп жатат. Биздин ишкерлер кирешенин баарын бүгүн өздөрүнүн чөнтөгүнө күрөп алышууда. Ошол эле кафелер бир жылдан кийин укмуш болуп өсүп жатат да, анда иштеген жумушчулардын чөнтөгү кур жалак калууда. Демек, мында мамлекет эки тарапы тең карап: «сен байый бер, бирок, эмгекчилериңин акысын жебе, мамлекет менен да бөлүш» деген саясатты алып барышы керек. Эгер мындан алыстап кетсе, анда коомдо социалдык жарылуу пайда болот. Европадагыдай машинаңды өртөп, же ишканаңды талкалап кетиши толук мүмкүн. Чындап келсек, биздин ишкерлердей эркиндик бир да өлкөдө жок. Салыштырмалуу айтканда, алар жүгөндөлбөгөн аттай качып, бирок өзүнө келгенде өкмөттөн баардык нерсени талап кылат. Жок дегенде камсыздандырууну да төлөбөй туруп, «кечээ митинг болгондо талкалап кетти, ошону төлө», деп өкмөткө доо артып атышат. Коомдогу теңчиликти жалгыз эле өкмөт ойлонбостон, байыгандар да ойлонушу керек.
- Бул мамилелерди жөнгө салуучу профсоюз уюмдары да бар эмсепи?
- Ооба, биздин өлкөдө социалдык партнерство: профсоюз – жумуш берүүчү - өкмөт деген генералдык макулдашуу кагаз жүзүндө бар, бирок иштебейт. Мунун себеби, жанагы эле жумуш берүүчүнү милдеттендирген рычагдын жоктугу. Албетте, азыр мурда бир партия бийлик жүргүзүп турган мезгилдегидей эмес, рыноктун негизинде жаңыча мамиле түзүлөт. Байлардан байлыгына жараша салык алынып, экинчиден, аларды кызыктыруучу фонд түзөлү деген далалат мына ушундан келип чыгууда. Фонд түзүлгөндөн кийин жумуш берүүчү майып адамдарды, көп балалуу аялдарды жана эми эле мектепти бүтүргөн жаштарды да жумушка алганга кызыкдар болот. Анткени, жумуш берүүчүгө ошол фонддон компенсация катары жергиликтуу бюджеттен каражат берилет. Мындай фонд Кыргызстанда 2005-жылга чейин болгон. Бирок, ошол кездеги Жогорку Кеңештин жаңы курамына келген ишкер депутаттар өз кызыкчылыгы үчүн тез эле бул фонддун «жаназасын окуп», жокко чыгарып коюшкан.
Абдыжапар Нурдинов, «Замандаш» журналы, №12, 2011-жыл.

Работоискателям
Работодателям
Профориентация
Обучение
Телефон доверия
Горячая линия: 189